
2026-жылга болжол — 15 миллиард сом профицит
Бүгүн Жогорку Кеңеште бардык комитеттердин жалпы жыйыны өтөт, анда 2024-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет, ошондой эле 2026-жылга бюджет долбоору жана 2027-2028-жылдарга пландар талкууланат, деп билдирди депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында.
Бекешевдин айтымында, быйыл республикалык бюджет өткөн жылга салыштырмалуу 190 миллиард сомго көбөйдү жана анын кирешеси 605 миллиард сомду түзөт.
«Бюджет жыл сайын көбөйүп жаткандыгына карабастан, бул сандардын артында мамлекеттин пайдасына алынган каражаттардын айынан кыйын кырдаалга туш болгон адамдардын тагдыры турат. Кээ бир жарандар салык көбөйүшү менен беттешиши мүмкүн. Бул маалыматтар экономикалык көрсөткүчтөрдү гана эмес, адамдардын жана ишкерлердин тагдырларын да чагылдырат», — деди парламент мүчөсү.
Сүрөт www