Депутаттын айтымында, карыз алгандар кээде кичине суммадагы карызды убагында төлөй албай калышат, натыйжада кара тизмеге кирип, жаңы кредиттерди алууга мүмкүнчүлүк ала алышпайт. Учурда кара тизмеге 10 миң сомдон ашык карызы барлар кирет. "Эмне үчүн бул чектөөнү 100 миң сомго чейин жогорулатпаска?" - деп сурады Маматалиев.
Улуттук банктын орун басары Бектур Алиев кара тизмеге 90 күндөн ашык төлөмдөрдү кечиктиргендер кирерин эске салды.Мындан тышкары, Маматалиев көптөгөн жарандар финансылык кыйынчылыктарга туш болуп, колдоого муктаж экенин баса белгиледи. Улуттук банктын орун басары депутатка анын демилгесин экинчи окууга даярдоону сунуштады.