

Италияда Vicenzaoro аттуу эл аралык ювелирдик көргөзмө өттү, анда Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов белгилүү италиялык бренддердин жана профилдик ассоциациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрдү.
Сапарынын учурунда ал ювелирдик тармактагы акыркы дүйнөлүк тенденциялар менен таанышып чыкты.
Кеңешүүнүн негизги темалары Кыргызстандын ювелирдик өндүрүшүн өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү, адистерди даярдоо, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты орнотуу жолдору болду.
Тараптар италиялык өндүрүүчүлөрдүн Кыргызстандын жергиликтүү рыногун изилдөө жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн визитин уюштуруу боюнча макулдашышты.