
13-мартта НАН КРнин Кичи залында «Улуу Жибек жолу» кыргызстандык бөлүгүндөгү археологиялык эстеликтер» аттуу коллективдик монографиянын презентациясы өттү. Ага НАН КРнин президенти, академик Абдыганы Эркебаев, Япониянын КРдеги Чрезвычайный жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, ЮНЕСКО, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA), НАН КРнин институттары жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Бул биргелешкен эмгек НАН КРнин Тарых жана маданий мурас институтунун илимпоздору Бакыт Аманбаева, Валерий Кольченко жана Айдай Сулайманова тарабынан жазылган, анда Улуу Жибек жолунун трассаларында Кыргызстандын аймагында орун алган эң маанилүү байыркы жана орто кылымдык тарых жана маданият эстеликтери тууралуу жазылган жазма булактар жана археологиялык табылгалар негизинде түзүлгөн.
Монографияда Талас өрөөнүндөгү, түштүк-чыгыш жана түндүк Фергана, Чүй өрөөнү, түштүк-батыш Прииссыккуль жана Ички Тянь-Шаньдагы эстеликтерге негизги көңүл бурулган. Эмгектин авторлору ошондой эле окурмандарды Кыргызстандын ЮНЕСКО мурас тизмесине киргизүү үчүн сунушталган тарыхый- маданий мурас объекттеринин алдын ала тизмеси деп аталган Тенатив листи менен тааныштырат.
Китептин тиркемесинде Бишкектеги нумизмат Вадим Кошевардын Улуу Жибек жолу иштеп турган мезгилдеги Кыргызстандын аймагындагы акча айланымы тууралуу изилдөөсү жарыяланган.
Китеп «Гулчинар» басмаканасынан 300 нуска менен жарык көрдү, тарыхчыларга, археологдорго жана өлкөбүздүн өткөнүнө кызыккан кеңири окурмандарга арналган. Бир нече нускасын жогорку окуу жайларынын профилдик факультеттерине, музейлерге жана НАН КРнин ЦНБсына өткөрүп берүү пландалууда.