
Кытайлык адистер операцияларды өткөрүп, көптөгөн бейтаптардын көрүүсүн калыбына келтиришти, аларга айланасындагы дүйнөнү кайрадан көрүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Бир операциянын баасы, кристаллды имплантациялоо жана дары-дармектерди кошкондо, 100 миң сомдон ашат, бирок бардык каржылык чыгымдарды кытай тарап өзүнө алды.
Мындан тышкары, гуманитардык кызматташтык алкагында «Кытайлык ден-соолук — экспресс» фонду Ош ооруканасына баасы 17 миллион сомду түзгөн оптикалык когеренттүү томограф (ОКТ) тапшырды.
Ош облустук бириккен ооруканасы менен кытайлык дарыгерлердин кызматташтыгы үч жылдан бери уланууда:
- 2023-жылы 338 операция өткөрүлдү,
- 2024-жылы — 237 операция,
- 2025-жылы — 317 операция.
Рахмат билдирүү катары оорукананын жетекчилиги жана көз микрохирургия бөлүмүнүн жамааты кытайлык дарыгерлерге ыраазычылык каттарын жана эскерүү белектерин тапшырды. Ошондой эле, келечектеги кызматташтык боюнча жаңы үч жылдык келишимге кол коюлду.
Бул долбоор Кыргызстан менен Кытайдын медициналык өнөктөштүгүн бекемдөөнүн жаркын мисалы болуп, калкка жеткиликтүү жана сапаттуу офтальмологиялык жардамды өнүктүрүүгө багытталган.