Мониторинг жүргүзүү учурунда Финнадзордун адистери уруксатсыз лотереяларды өткөрүү тууралуу маалымат таратуучу бир нече интернет-ресурстарды аныкташты:
- YouTube-канал «Ala-Buka Sila»
- YouTube-канал «АЛГА БАТКЕН»
- YouTube-канал «АЛГА БАТКЕН 500»
- YouTube-канал «ЛОТО МОСКВА»
- Туристтик агенттик «Travel Shop Bishkek»
- Instagram-аккаунт @sezim_kids_dordoi
- Instagram-аккаунттар @baidyikan.kg жана @bay_dyikan_market_
- YouTube-канал «Rus_Sila»
- YouTube-канал «БАРСБЕК БАТЫРАЛИЕВ»
- YouTube-канал «АПАЗ СИЛА»
Финнадзор Кыргызстанда лотереяларды өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уруксат алуу зарылдыгын эскертет, жана мындай уруксаты жок жүргүзүлгөн ар кандай иш-аракеттер мыйзамсыз болуп эсептелет жана мыйзамды бузат.
Коопсуздук жана укуктарын коргоо максатында, Финнадзор жарандарды этият болууга жана расмий уруксаты жок уюштурулган мыйзамсыз лотереяларга жана оюндарга катышпоого чакырат. Мындай учурлар тууралуу Службага билдирүү сунушталат.
Эгерде сиз социалдык тармактарда же башка интернет-ресурстарда мыйзамсыз лотереялардын жарнамасына туш болсоңуз, анда Финнадзордун расмий сайты аркылуу (https://fsa.gov.kg/) же төмөнкү байланыш телефондору аркылуу билдирип коюңуз:
Небанковдук финансылык уюмдарды жөнгө салуу бөлүмү:
Тел: 66-45-13; 96-13-04; 66-29-85.