ККМдин вертолоту 6-ноябрда министр Бообек Ажикеевдин буйругу менен жабыркаганды эвакуациялоо үчүн учуп чыкты.
Окуя болгон жерде эртең мененки сааттан баштап 28 куткаруучу иштеп жатат, алардын 16сы ККМдин кызматкерлери, ошондой эле алты техника тартылган.
Эскерте кетсек, 5-ноябрда 30 жаштагы К.Э. аттуу айдоочу Жалал-Абад—Казарман маршруту боюнча кар күрттөлгөн жерге такалып, жардам сураган.
Куткаруу операциясына Тогуз-Тороу райондук ККМ бөлүмүнөн төрт куткаруучу, төрт милиционер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жүк ташуучу техникалары бар чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү тартылган. Мындан тышкары, Республикалык адистештирилген куткаруу отрядынын куткаруучулары да катышууда.
Жалал-Абад облусундагы ККМ башкармалыгынын начальниги полковник Ч.Шекенов оперативдик жыйын өткөрүп, жолду тазалоо үчүн кошумча эки оор унаа тартуу чечимин кабыл алды.
Куткаруу операциясынын жүрүшү боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.
- Маанилүү маалымат, Сары-Кыр ашуусундагы жолдун участогу 2025-жылдын 1-октябрынан тарта Тогуз-Тороу жана Сузак районунун акимдеринин буйруктары боюнча расмий түрдө жабык болуп калган.