
Келечектеги ОДКБ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу жана шайлоодон кийинки билим берүү мекемелеринин окуу процессине даярдыгы үчүн Бишкектин бардык мектептери 25-ноябрдан 1-декабрга чейин алыстан окутууга өткөрүлөт. Окуу сабактары бекитилген расписание боюнча онлайн форматта өтөт, бул окуу процессинде артта калууну болтурбайт. Окуу сабактары 2-декабрдан башталат. Ошондой эле борбордун жогорку окуу жайлары 25-27-ноябрда онлайн форматка өтөт.
Көрсөтүлгөн күндөрдө санитардык коопсуздукту камсыздоо үчүн жабылат:
— ТРК «Ош базары»;
— Рынок «Сары-Озон».
Жарандарды борбордук көчөлөрдөгү жана расмий делегацияларды өткөрүү маршруттарындагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, маршруттарын алдын ала пландаштырууга чакырабыз.