
Москвада, РИА Новости билдиргендей, 8-декабрда ОДКБнын парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт.
Уюм тарабынан берилген маалыматка ылайык, иш-чара биргелешкен жыйынды жана ассамблеянын 18- пленардык жыйынын өткөрүү форматында, РФ Мамлекеттик Думасынын жана ассамблеянын төрагасы Вячеслав Володиндин жетекчилиги астында өтөт.
Күн тартибинде - коллективдик коопсуздуктун укуктук негиздерин бекемдөөгө жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарга жооп берүүдө биргелешкен аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы модельдик мыйзамдарды талкуулоо жана кабыл алуу турат.