
Талкуунун жүрүшүндө жакында боло турган шайлоолорго даярдык көрүү иш-чараларына, ошондой эле шайлоо процессин мониторингдөө жана көз карандысыз байкоочулардын аккредитациясы боюнча маселелерге көңүл бурулду.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту жарандардын шайлоо укуктарын сактоону көзөмөлдөөгө даяр экенин белгиледи. Ал шайлоо күнү жарандардын арыздары жана даттануулары үчүн облустук борборлордо жана Акыйкатчынын борбордук кеңсесінде штабдар уюштурулаарын баса белгиледи.
"Биздин мандаттын алкагында биз шайлоочулардын укуктарын көзөмөлдөп, зарыл болгондо юридикалык кеңештерди беребиз. Акыйкатчынын бардык регионалдык өкүлчүлүктөрү мүмкүн болушунча көп шайлоо участкаларын камтышы үчүн тартылат", - деп кошумчалады ал.
Клод Хааген Кыргызстанга ПА ОБСЕден 94 кыска мөөнөттүү байкоочу келерин маалымдады. Ошондой эле БДИПЧ ОБСЕден 300 кыска мөөнөттүү жана 30 узак мөөнөттүү байкоочу, ошондой эле Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынан 20 өкүлдүн келиши күтүлүүдө.
Жыйындын аягында тараптар добуш берүү күнү үчүн арыздар жана маалымат алмашуу боюнча мындан аркы кызматташууга макул болушту.