Иш-чарада Чек ара аскерлеринин командирлер кеңешинин Координациялык кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле СНГнын өз ара аракеттенүүчү органдарынын жетекчилери жана делегаттары, Коллективдик коопсуздук боюнча келишим уюмунун Секретариаты, ШОСтун Регионалдык антитеррористтик структурасынын Аткаруу комитети жана Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык бирикмесинин өкүлдөрү да катышты.
Катышуучуларга саламдашуу сөзү менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргызстандын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Текебаев жана СНГнын Аткаруу комитетинин коопсуздук боюнча кызматташтык департаментинин директору, генерал-майор Е.А. Клемезь кайрылышты.
Жыйында СНГ өлкөлөрүнүн тышкы чек арасындагы абал каралып, чек ара коопсуздугун жакшыртуу үчүн кошумча чаралар сунушталды. Бул маселе боюнча Координациялык кызматынын төрагасы, генерал-полковник А. Манилов доклад жасады.
Маалымат менен СНГнын чек ара кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле Антитеррористтик борбордун, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча координациялык бюронун жана ШОСтун Регионалдык антитеррористтик структурасынын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү чыкты.
Кеңеш 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарды жана биргелешкен атайын чек ара операцияларын уюштурууну камтыган жаңы милдеттерди аныктады.
Ошондой эле Кеңештин мүчөлөрү автоматташтырылган мамлекеттер аралык маалымат алмашууну жакшыртуу, биргелешкен илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.
Жыйындынын жыйынтыгы менен СНГ өлкөлөрүнүн тышкы чек арасын коргоодо өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн аскер кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.
Жыйын чек ара коопсуздугун мындан ары бекемдөөгө жана бул тармакта көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган жыйырма эки чечим кабыл алуу менен аяктады.









