
Түштүк-чыгыш бөлүгүндө МП «Бишкек санитардык полигонунун» аймагында өрт чыкты. Учурда өрт локализацияланды, жайылыш коркунучу жок, деп билдирет Бишкек мэриясы.
Өрттү өчүрүү үчүн Бишкек шаарындагы МЧСтин эки өрт өчүрүү бригадасы, ошондой эле МП «Тазалык» жана «Бишкекзеленстрой» кызматтары тартылды, ар биринин курамында бир суу ташуучу унаа болду.
Өрттүн өзүнөн-өзү чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгандыктан, Бишкек мэриясы окуянын себептерин жана шарттарын аныктоо үчүн компетенттүү органдарга кайрылды.