
Текшерүү алкагында Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан Жаңы-Жол айылындагы суу менен камсыздоо объектилери текшерилди. Инспекциянын жыйынтыгы боюнча калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоодо бир нече кемчиликтер аныкталып, алардын жоюлушу үчүн тиешелүү түшүндүрмөлөр жана көрсөтмөлөр берилди.
Ошондой эле Ысык-Көл районунда, Григорьевка айылында жайгашкан «Келечек» муниципалдык ишканасында суу менен камсыздоо тармагында окшош мыйзам бузуулар табылды. Жооптуу адамдар аныкталган көйгөйлөрдү тез арада оңдоо боюнча көрсөтмөлөрдү алышты.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Азамат Саралаев Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы регионалдык башкармалыктардын жетекчилерин бардык мыйзам бузууларды жоюу процессин катуу көзөмөлдөөгө чакырды. Ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерин үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлөт.