Билим берүү мекемесинин директору Асхат Букаев бул жаңылыкты бөлүштү.
Анын айтымында, жакында эле окуучулар совет доорунда ашара ыкмасы менен курулган эски бала бакчада билим алышкан. Бул себептен, 2023-жылы бир кайрымдуулук фондунун колдоосу менен жаңы мектептин имаратын куруу долбоору башталган.
- Мин-Булакта жайгашкан И.Касмалиев атындагы мектепте 150 бала билим алат, ал эми жамаат 22 мугалимден турат.
«Биз эки кабаттуу мектеп имаратын куруу менен алектендик, жана жакында тантана менен ачылышы болду. Ичине заманбап билим алуу шарттары түзүлгөн», - деди Букаев.