
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, курулушка жооптуу «НТ ГРУПП-СТРОЙ» компаниясына эки жүз миң сом (200 000 сом) өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузуу тууралуу маалымат бирдиктүү реестрге киргизилди.
Курулуш министрлиги курулуш менен алектенген юридикалык жана жеке жактарды белгиленген нормаларга жана регламенттерге так ылайык иш алып барууга, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн мыйзамга ылайык иштерди аткарууга чакырат.