Электр станциясынын аянты 669 гектардан ашат
Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн эл аралык форумда Кыргызстандын Энергетика министрлиги кытайлык компаниялар менен жаңылануучу энергетиканы өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу боюнча бир нече келишимдерге кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен States Technology Co., Ltd. жана San Energy Co. компанияларынын ортосундагы инвестициялык келишимге ылайык, Ак-Турпак айылында 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу пландалууда.
Бул объекттин курулушу 2025-жылга пландалган, ал эми эксплуатацияга берилиши 2027-жылга белгиленген. Күн электр станциясы 669 гектардан ашык аянтты ээлейт, ал эми өндүрүлгөн энергияны Кыргызстандын Улуттук электр тармактары (НЭСК) сатып алат. Бул долбоор Ак-Турпак айыл округунун тургундарын электр энергиясы менен камсыздайт жана улуттук энергетикалык балансында жаңылануучу энергия булактарынын үлүшүн жогорулатат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кытайдын Power Construction Corporation of China (POWERCHINA) компаниясы ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул меморандум инвесторлорду жана финансылык мекемелерди тартуу боюнча биргелешкен аракеттерди, ошондой эле изилдөөлөрдү уюштуруу жана кыргыз адистерин окутууну камтыйт. Бул кызматташтыктын алкагында Токтогул суу сактагычында сүзүп жүргөн күн электр станцияларын түзүү мүмкүнчүлүгүн талдоо пландалууда.
Минэнерго сүрөтү
