Бул дайындоо райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 14-январында кол коюлган буйругу менен расмийленди.
- Исмаиловдун мурунку орун басары Тайирбек Жайчибеков 2026-жылдын 13-январында өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз берген.
2026-жылдын 15-январында Чон-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов жаңы жетекчини кызматкерлерге расмий түрдө тааныштырды.
Резюме:
Исмаилов Замирбек Маматович 1984-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Чон-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында төрөлгөн.
Билим:
2009-жылы Баткен технологиялык университетин «Электр камсыздоо» адистиги боюнча аяктаган.
Кесиптик жол:
2005–2006 жж. — Чон-Алай райондук аскер комиссариатынын 1-бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысы;
2006–2007 жж. — Чон-Алай райондук аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
2008–2012 жж. — Чон-Алай айыл өкмөтүндө жаштар боюнча башкы адис;
2012-жылдын апрелинен тартып — Чон-Алай айыл өкмөтүндө социалдык жана маданий маселелер боюнча башкы адис;
2014–2022 жж. — Чон-Алай айыл өкмөтүндө социалдык жана маданий саясат боюнча башкы адис;
2022-жылдын 15-июлунан 2025-жылдын 1-июлуна чейин — Чон-Алай айыл өкмөтүнүн орун басары;
2025-жылдын 1-июлунан бери — Чон-Алай айыл өкмөтүндө жер ресурстары, өсүмдүк өстүрүү жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис (контракт боюнча).