
Билим министрлиги баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилери кызмат ордуна ачык конкурс жарыялады.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, талапкерлерге төмөнкү талаптар коюлат:
1) жогорку кесиптик билимдин болушу;
2) билим берүү тармагында же окуу мекемесинин багыты боюнча минимум 5 жылдык иш тажрыйбасы;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер пакетин берүү керек:
Заявление;Паспорттун көчүрмөсү;Адреси жана байланыш телефондору көрсөтүлгөн персоналдык эсепке алуу баракчасы;Электрондук почта менен резюме, соттолгондугу тууралуу маалымат менен автобиография;Билим берүү дипломунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (жумуш орду боюнча кадрлар кызматы);Эмгек китебинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (жумуш орду боюнча);Соттолгондугу жоктугу тууралуу маалымкат, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген (электрондук форматта "Тундук" системасы аркылуу же техникалык мүмкүнчүлүк болбогон учурда кагаз түрүндө);3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт;Окуу мекемесинин өнүгүү планы;Тез папка (Иш №).Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 19-январында башталат.
Документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн 2026-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин [email protected] электрондук почтасына жөнөтүү керек.
Кошумча маалымат алуу үчүн телефонго кайрылсаңыз болот: 0312 62 05 09.