ОШКнын маалыматы боюнча, ШКнын курамы беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тең саныдагы өкүлдөрдү камтыйт.
«Учурда Бишкек шаардык ШК резервин толуктоого муктаж, анткени анда саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өкүлдөр жок. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кенештин депутаттары, кызмат адамдары, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, талапкерлер жана алардын өкүлдөрү, башка мамлекеттердин жарандыгына ээ адамдар, ошондой эле соттолгондугу жокко чыгарылбаган же жоюлбаган, башка шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана терс негиздер боюнча милдеттенмелерден бошотулган адамдар болушу мүмкүн эмес», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Саясий партиялар документтерин 17-ноябрда саат 12:00гө чейин, жарандар жана коомдук бирикмелер 14-ноябрда саат 18:00гө чейин тапшырышы керек.
Бишкек шаардык ШКнын резервине кирүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
- ШКда иштөөгө макулдук берүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- жумуш, окуу жана билим берүү тууралуу маалыматты камтыган биография (бул жеке кадрларды эсепке алуу баракчасы же резюме болушу мүмкүн);
- байланыш маалыматтары: жашаган дареги жана телефон номерлери;
- талапкерди сунуштоо протоколу.
ШКнын курамында ар бир саясий партиядан бирден көп өкүлдүн болушуна жол берилбейт.