Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө маалымат күн сайын жаңыртылып турат.
ЦИКтин маалыматына ылайык, тизмеде 4 297 040 шайлоочу катталган, алардын ичинен:
- 2 082 263 эркек (48,46%);
- жана 2 214 777 аял (51,54%).
ЦИК шайлоочулар өз маалыматтарын төмөнкү жолдор менен текшере алаарын эскертет:
- 1255 же 119 номерлери боюнча акысыз;
- өз шайлоо участогунда;
- tizme.gov.kg сайтынан;
- Шайлоо участогунун дарегин алуу үчүн 119 номерине ПИН-код менен SMS жиберүү.
Биометриясы жок жана тизмелерге кирбеген жарандар, калкты тейлөө борборлорунда (ЦОН) каттоодон өтүп, паспорт маалыматтарын жаңыртуусу керек.