БШКдагы булактардан алынган маалыматка ылайык, аккредитацияланган байкоочулардын арасында Болгария, Россия, Беларуссия жана Египеттин Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, ошондой эле дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери бар.
Алардын арасында төмөнкүлөрдү белгилеп өтсө болот:
- Ислам кызматташтык уюму;
- Кыргызстандагы Кытай, АКШ, Япония, Венгрия жана Улуу Британиянын элчиликтери;
- Европадагы Коопсуздук жана Ынтымак Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу;
- ТМД байкоочулар миссиясы;
- Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (ТЮРКПА);
- Европадагы Коопсуздук жана Ынтымак Уюмунун, ТМДнын жана ЖККнын парламенттик ассамблеялары.
Бүгүнкү күндө аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын жалпы саны 297ни түзөт, алар шайлоо күнү добуш берүү процессин жана шайлоо мыйзамдарын сактоону көзөмөлдөшөт.