
Профессор Тогрул Исмаил, эл аралык мамилелер жана укук боюнча адис, ошондой эле Кахраманмараш университетинин саясий тарых кафедрасынын башчысы, «Кабар» агенттигине Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанда жетишилген прогресс тууралуу өз оюн бөлүштү.
Ал өлкөдө социалдык-экономикалык пландарды ишке ашырууга басым жасалганын белгиледи. Мындан тышкары, Исмаил Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаттык байланыштарын кыйла кеңейтти деп кошумчалады.
«Кыргызстанда социалдык-экономикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулууда. Соңку жылдарда инфраструктуралык долбоорлордун активдүү өнүгүшү, региондорду колдоо жана социалдык жардамдардын көбөйүшү байкалууда. Ошондой эле бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдаланууга көзөмөл күчөтүлүүдө», — деди эксперт.
Исмаил Жапаровдун президенттик мөөнөтүн мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана жаңы өнүгүү жолдорун издөө мезгили катары мүнөздөдү. Анын пикиринде, Кыргызстан жетишилген туруктуулукту институционалдык реформалар аркылуу бекемдөөнү улантуусу керек, ошол эле учурда социалдык колдоону жана тышкы саясаттын ийкемдүүлүгүн сактап калуусу зарыл. Ишке ашырылып жаткан реформалар өлкөдөгү эффективдүү башкаруунун зарылдыгын баса белгилейт.
Тышкы саясаттын көз карашынан, Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан өзүн көз карандысыз мамлекет катары көрсөттү. Түрк мамлекеттери, анын ичинде Азербайжан, Түркия жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыштарды бекемдөө Бишкектин эл аралык өз ара аракеттенүүсүнө жардам берди жана көп векторлуу дипломатия үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти, бул өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет», — деп кошумчалады ал.