
Министр Т. Ибраев 2025-жылы подстанциялардын курулушу жана ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо, ошондой эле кичи ГЭСтер жана күн энергиясы станцияларын ишке киргизүү сыяктуу көптөгөн долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи. Ар жылы электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө, бул генерацияны көбөйтүүнүн зарылдыгын талап кылат. «Жаңы турак жай комплекс жана заводдор курулууда, бул ар бир жаңы подстанциянын маанилүүлүгүн арттырат, ал элди электр энергиясы менен камсыздайт. Биз өнүгүүнү улантуубуз керек жана элди жарык жана жылуулук менен камсыз кылышыбыз керек», — деп кошумчалады ал.
110/35/10 кВ «Суу-Башы» подстанциясы тейлеген аймактын аянты 500 квадрат метрди түзөт. Бул долбоордун ишке ашырылышы ОАО «НЭСК» жана Баткен шаарынын мэриясынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болду, ал эми долбоордун жалпы чыгымдары 55 млн 758 миң сомду түздү, анын ичинен:
• 19 млн 958 миң сом Баткен электр тармактары ишканасы тарабынан кошумча материалдарга жумшалды;
• 35 млн 800 миң сом Баткен шаарынын мэриясы жабдууларды сатып алууга бөлдү;
• курулуш иштерин Баткен электр тармактары ишканасы аткарды.
Энергетика министрлиги жаңы подстанция Жаңы-Достук айылдарына, өнөр жай зоналарына, «Баткен Сити» турак жай массивине, 10 миң орундук жаңы стадионго, Чет-Булак кварталынын турак үйлөрүнө, Бужум айылына жана курулуп жаткан орус мектебине, ошондой эле 2224 турак үйгө туруктуу жана сапаттуу электр энергиясын камсыздай турганын билдирет.
Мындан тышкары, подстанция төмөнкү подстанцияларга электр энергиясын берет:
• Кара-Булак 35/10 кВ;
• Кара-Токой-1 35/10 кВ;
• Кара-Токой-2 35/10 кВ;
• Ширечь 35/10 кВ.
Подстанция жаңы 110 кВ «Айгуль-Таш – Центральная» аба линиясына туташтырылган, ал объекттен 150 метр аралыкта жайгашкан.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен электр тармактары ишканасына жаңы авто техника жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу үчүн атайын жабдуулар тапшырылды, анын ичинде:
• 3 JAC N 8 маркасындагы унаа;
• 1 JAC N56 маркасындагы унаа;
• 1 SHANMON маркасындагы экскаватор.
Бул жабдуулар энергетиктердин күнүмдүк ишин жакшыртууга, электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана региондун тургундарын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Т. Ибраев Баткен электр тармактары ишканасынын кызматкерлери менен жолугушуп, алардын сунуштарын жана көтөрүлгөн маселелерди, энергетика тармагынын учурдагы абалын жана эмгек шарттарын талкуулашты. Министр алардын суроолоруна жооп берди жана көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берди.