
Жарандык ишмер, юрист жана тарыхчы Зайнидин Курманов «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда Конституциялык соттун президенттик ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү боюнча жакында кабыл алынган чечими тууралуу өз оюн билдирди.
«Саясат жана укук жагынан алганда, бул таптакыр туура чечим болду. Эми президенттик шайлоолор качан өтөөрү так болду. Алар мурда белгиленген мөөнөттө, эски Конституциядан жаңы Конституцияга өтүү боюнча иштеген атайын шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт», — деди Курманов.
Ал ошондой эле мамлекет башчысынын маселелерди чечүүдөгү мамилесинин маанилүүлүгүн белгиледи: «Бул өлкөдөгү кырдаалдарды кандайча чечүү керектигинин үлгүсү, укуктук өз ара аракеттенүүнүн маданиятын көрсөтүү», — деп кошумчалады ал.