
2026-жылы Нарын облусунда 66,36 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин 10/0,4 кВ чыңалуу менен тартуу жана реконструкциялоо иштери пландалууда, деп билдирет Энергетика министрлиги.
Реконструкциялоо жана жаңы СИП-кабелдерин куруу боюнча төмөнкү иштерди аткаруу пландалууда:
- Ат-Башы району — 14 км
- Ак-Тала району — 6,8 км
- Кочкор району — 14,5 км
- Жумгал району — 6,5 км
- Тогуз-Торо району — 7,6 км
- Нарын району — 16,9 км
Иштер “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКсы тарабынан каржыланат жана Нарын облусунда апрелден октябрдын аягына чейин аякталат деп пландалууда.
СИП-кабелдерин колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн кыйла жогорулатат. Бул кабелдер климаттык шарттарга туруктуу, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтууга жардам берет. Мындан тышкары, алар калктуу конуштарда электр тармактарын колдонуу коопсуздугун жогорулатат, аларды ыңгайлуу жана туруктуу кылат.
Келечектеги иш-чаралар Нарын ишканасынын электр тармактарын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо, алардын ишенимдүүлүгүн күчөтүү жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Эгерде сизде электр энергиясын камсыздоо боюнча суроолор болсо, “НЭСК” ААКсынын 24 сааттык колл-борборуна төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылыңыз:
105 (беп акы)
+996 772 001209, +996 556 001209
WhatsApp: +996 702 001209