Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.
Дайындаманы Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кол койду.
Мурда бул кызматты Масуда Айдарбекова ээлеп турган, азыр ал социалдык тармактар боюнча мэрдин орун басары кызматын аткарат.
Масуда Айдарбекова
Кыска биография:
Мыктыбек Осмоналиев
Билими:
- 09.2011 – 05.2016 жылдар — «Ала-Тоо» эл аралык университетин, эл аралык экономика факультетин аяктаган.
- 08.2012 – 05.2013 жылдар — Түштүк Айдахо, Твин-Фолс, АКШ, экономика факультетинин дипломдуу адиси.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
- 01.2013 – 05.2013 жылдар — Айдахо кичи бизнесин өнүктүрүү борборунун бизнес инкубаторунда жардамчы;
- 05.2014 – 09.2014 жылдар — Бишкектеги эл аралык бизнес кеңешинин стажёру;
- 10.2014 – 11.2015 жылдар — Kreston International компаниясында бухгалтер жана аудитордун жардамчысы, Бишкек;
- 12.2015 – 12.2016 жылдар — «BizExpert» аналитикалык борборунда бизнес-аналитик;
- 01.2018 – 01.2020 жылдар — JICA «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун түштүк региону боюнча регионалдык координатору:
- (Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ОСОП концепциясын ишке ашырууну координациялоо;
- жергиликтүү ишкердикти жана туруктуу өнүгүүнү колдоо);
- 12.2016 – 12.2020 жылдар — КР өкмөтүнүн бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин мамлекеттик-жеке диалог боюнча эксперти:
- (Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында МСБнын өнүгүүсүн жана өсүшүн консалтинг кызматтары жана потенциалды өнүктүрүү аркылуу колдоо;
- ишкерлердин көйгөйлөрүн аныктоо жана регионалдык инвестициялык кеңештер үчүн сунуштарды даярдоо);
- 01.2021 – 2025 жылдар — «Кыргызстан» акционердик коомуна караштуу камсыздандыруу компаниясынын түштүк регионалдык филиалынын директору;
2025-жылдан бери азыркыга чейин — КР Министрлер Кабинетинин бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин түштүк региону боюнча координатору:
- (түштүк региондордо мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда диалог жана өнөктөштүктү колдоо;
- жергиликтүү бийлик органдары жана бизнес ассоциациялар менен биргеликте инвестицияларды реформалоо боюнча регионалдык инициативаларды ишке ашырууну координациялоо);
Окутуу жана квалификацияны жогорулатуу:
- 10.2024 – 03.2025 жылдар — John Smith Trust стипендиясы, Улуу Британия;
- 08.2020 – 06.2022 жылдар — Германия Федералдык экономика жана энергетика министрлигинен башкаруу кадрларын даярдоо программасы, Берлин;
- 06.2018 жыл — Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунда HACCP башкаруу боюнча негизги курс;
- 06.2017 – 07.2017 жылдар — Японияда экспорттук продукцияны илгерилетүү стратегиясы боюнча JICA алмашуу программасы;
- 06.2015 жыл — КР Бухгалтерлер жана аудитторлор ассоциациясынан салык боюнча окутуу;
- 03.2015 жыл — Kreston Ansar консалтинг компаниясында ички аудитору даярдоо.
Коомдук ишмердүүлүк жана сыйлыктар:
- 2018 жыл — Бизнести колдоо борборунун байкоо кеңешинин мүчөсү;
- 2018 - 2019 жылдар — JICA бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын башкаруучу кеңешинин мүчөсү;
- 2015 жыл — Эл аралык бизнес кеңешинде катышуу;
- 2020 жыл — Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланган;
- 2019 жыл — Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнөн ардак грамота.