Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Манас дүйнөсүн өнүктүрүүгө багытталган долбоордун ишке ашырылышы башталды. Бул долбоор улуттук идеологиянын жана элдин руханий байлыгынын негизин түзгөн Манас дүйнөсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле айтыш, дастандар жана кичи кыргыз эпосторунун статусун жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу «Манас» Улуттук театрынын директору Нурбек Талантбеков «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Талантбековдун айтымында, жаңы борбордун курулушу мурда Манас айылына таандык болгон, азыр Кыргыз Улуттук театры «Манас» балансына өткөн 2 гектар жердин аймагында жүрүп жатат.
Ал долбоор үч кабаттуу көп функционалдуу комплекстин курулушун камтыйт:
- Биринчи деңгээлде 500 орундуу заманбап банкет залы, ашкана жана техникалык персонал үчүн толук жабдылган кызматтык жайлар жайгашат;
- Экинчи кабатта 1300 орундуу чоң концерт залы жана чыгармачылык адистерди даярдоого арналган атайын бөлмөлөр болот;
- Үчүнчү кабатта улуу эпоско арналган көргөзмө музейи жайгашат, бул борбордун эффективдүү иштешин камсыздайт.
«Бул борбор Манаска байланыштуу бардык маселелерди чечет. Учурда Манаска байланыштуу китептерди чыгаруу жана иллюстрацияларды түзүү боюнча көзөмөл жок. Жаңы борбор бул көзөмөлдү жүргүзүп, манас таануу тармагында мыкты демилгелерди колдоп, алардын ишке ашуусун камсыздайт. Биз руханий жактан маанилүү элементке айланчу долбоорду баштайбыз», - деп баса белгиледи Талантбеков.
«Манас» борборунун ачылышы 2026-жылдын 4-декабрында, «Манас» эпосунун күнү менен бирге болот деп күтүлүүдө.