КРнын Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери кары аялды карылар үйүнө жайгаштырууга жардам беришти
Жакын туугандары жок аял Бишкек шаарынын тургуну М.Е.В. тарабынан убактылуу камкордукка алынган, ал аялга Акыйкатчы Институтуна кайрылууну сунуштаган. Б.А.И. өз кайрылуусунда 1974-жылы Түркмөн ССРинде берилген советтик үлгүдөгү паспортунун сакталганын белгилеген. 1996-жылы Кыргызстан жараны болуп калган, бирок 1983-жылдан бери өлкөдө жашап жатканда эски паспортун убагында алмаштыра алган эмес.