









Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы хажга барууну пландаштырган жарандар үчүн вакцинация программасын баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жаңы жарлыкка ылайык, зыяратчылар менингококк инфекциясынан жана сезондук грипптен милдеттүү вакцинацияланат. Бул чаралар эл аралык стандарттарга ылайык келет жана хажга катышуу үчүн зарыл шарт болуп саналат.
Вакцинация процесси 2025-жылдын 23-30-декабрында өлкө боюнча медициналык мекемелерде башталат жана милдеттүү алдын ала медициналык текшерүүнү камтыйт. Иммунизация бардык коопсуздук нормаларын жана инфекцияны контролдоо эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт.
2026-жылдагы хаж зыяратчылары үчүн вакцинация өткөрүүчү жайлар

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы хажга барууну пландаштырган жарандарды медициналык текшерүүдөн өтүп, белгиленген мөөнөттө вакцинациядан өтүүгө чакырат. «Бул чаралар зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкө аймагында инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн өтө маанилүү», - деп белгиленет билдирүүдө. ```