
Кыргызстанды бул иш-чарада Президенттин дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттигинин төрагасы Азамат Юсупов, ошондой эле муфтий Абдулазиз кары Закиров жана бир нече теолог-илимпоздор өкүлчүлүк кылууда.

Конференциянын алкагында кыргыз делегациясы Flyadeal авиакомпаниясы менен 2026-жылдагы хадж мезгилинде зыяратчыларды Сауд Аравиясына жана кайра ташуу боюнча маанилүү келишимге кол койду.
Келишимге кол коюу салтанаты Super Dome комплексинде өтүп, анда Flyadeal компаниясынын жетекчилери бул келишимдин эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүүлүгүн белгилешти.
Кыргыз тараптан иш-чарада мамлекет башчысынын администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков жана муфтияттын орун басары, хадж-2026 уюштуруу штабынын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев да катышты. Сауд Аравиясынан келишимге кол коюуда хадж министрлигинин өкүлдөрү жана авиакомпаниянын жетекчилери болушту.