Россиянын түзөтүү мекемелеринде 1256 Кыргызстандын жараны бар
Жогорку Кенештин комитетинин жыйынында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы генералдык консулдугунун директору Айбек Айдарбеков Россия Федерациясынын түзөтүү мекемелеринде 1256 Кыргызстандын жараны бар экенин билдирди. Бул саннан 143 адам Новосибирск шаарындагы түзөтүү мекемелеринде кармалууда.