Бишкекте 2040-жылга чейин биоалуулукты сактоо боюнча жаңы мамлекеттик программа сунушталды
Кыргызстандын борборунда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча 2040-жылга чейин мамлекеттик программа сунушталган улуттук семинар өттү. Бул программа өлкөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана туруктуу пайдалануу боюнча негизги стратегиялык документ болуп саналат. Ал Куньмин-Монреаль глобалдык биологиялык ар түрдүүлүк боюнча рамка программасына ылайык иштелип чыккан жана 2040-жылга чейин улуттук өнүгүү үчүн негизги приоритеттерди чагылдырат.