Отун бааларынын жогорулашы инфляциялык басымды күчөттү – Улуттук банк
2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кескин жогорулаган. Улуттук банктын орун басары Азат Козубеков бул маалыматты Бишкекте өткөн пресс-конференцияда бөлүштү. Козубековдун айтымында, жыл башынан бери бензиндин баасы 12,6% жогоруласа, дизель отуну 8,4% кымбаттаган.