Кыргызстан: кадрдык алмашуулар 20-24-октябрда
Соңку жумада Кыргызстанда кадрдык курамда бир нече өзгөрүүлөр болду. Нурбек Акжолов каржы министринин орун басары болуп дайындалды. 2009-жылдан бери Нурбек Акжолов Каржы министрлигинде иштейт, кызматында ал адистен баштап, эл аралык каржы мамилелерине жооптуу башкармалыктын жетекчисине чейин көтөрүлгөн.