Нацбанк QR-төлөмдөрдүн финансылык системадагы ролунун күчөй турганы тууралуу маалымдады
- Кыргызстанда QR-коддор аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялардын көлөмү 2025-жылга карата 908,6 млрд сомго жетти, ал эми жүргүзүлгөн операциялардын саны 525 миллионду ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын санариптик финансылык технологиялар башкармалыгынын жетекчиси Нургул Ташбекова түз эфир учурунда билдирди. Ал QR-төлөмдөр акыркы жылдары өзүнүн популярдуулугун кыйла жогорулатканын жана өлкөнүн финансылык системасын санариптештирүүнүн негизги элементи болуп калганын белгиледи.