
Кыргыз Республикасынын Сырткы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) кантип алууга же узартууга болорун түшүндүрдү.
Ведомство CDLди алуу жана узартуу үчүн АКШда катуу эрежелер бар экенин белгиледи.
АКШнын Транспорт министрлигинин жана Автотранспорт каражаттарынын федералдык коопсуздук администрациясынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, CDL алуу же узартуу укугу адатта берилет:
- АКШнын жарандарына;
- «грин-карт» ээлерине (АКШнын туруктуу мыйзамдуу жашоочулары);
- ар кандай жумуш визалары менен өлкөдө болгон чет элдиктерге.
Кыргыз Республикасынын Сырткы иштер министрлиги жарандарына талаптарды алдын ала штаттардын ыйгарым укуктуу органдарынан тактап, документтеринин мөөнөттөрүн көзөмөлдөп, федералдык эрежелердеги мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү эске алууну катуу сунуштайт.