АКШнын Транспорт министрлиги жана Автомобилдердин федералдык коопсуздук администрациясынын маалыматына ылайык, CDL берүү же узартуу укугу адатта төмөнкүлөргө таандык:
- АКШнын жарандарына;
- «грин-карт» ээлерине, тагыраак айтканда, мыйзамдуу туруктуу жашоочуларга;
- ар кандай атайын жумуш визалары менен өлкөдө болгон чет элдиктерге;
Эскерте кетүүчү нерсе, жумушка уруксат (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) тиешелүү иммиграциялык статусу жок CDL алуу же узартуу үчүн жетиштүү шарт эмес, бул статус АКШнын федералдык органдары тарабынан таанылышы керек.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарына тиешелүү мамлекеттик органдардан талаптарды алдын ала тактоону, зарыл документтердин мөөнөттөрүн көзөмөлдөөнү жана федералдык эрежелердеги мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдөн кабардар болууну катуу сунуштайт.