Медициналык камсыздандыруу фондунда онкологиялык оорулары бар жарандар биринчи операциядан кийин бир жыл ичинде пландалган кайталанма операциясы үчүн акысыз госпитализацияга ээ боло алаарын эске салды. Бул, бейтаптардын ушул убакыт аралыгында стационардык дарылоо үчүн кошумча чыгымдарды тартпастыгынын кепилдигин берет.
Фонддон такташкандай, стационардык дарылоо учурунда бир катар медициналык кызматтар үчүн кошумча төлөм алынбайт, бул биринчи госпитализацияга да тиешелүү.
Кошумча төлөм талап кылынбаган кызматтардын арасында:
- докторлордун консультациялары;
- оперативдик кийлигишүүлөр;
- анестезия;
- операциядан кийинки жараларга кам көрүү;
- мекемеде лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр.