КРда бир жумада 37 миң 68 ОРВИ жана грипп учурлары катталды
2025-жылдын 24-30-ноябрында, 48-аптада өлкөдө 37 068 ОРВИ жана грипп менен ооруу учурлары катталды, бул өткөн аптага салыштырмалуу 2,5 эсе көп. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт, ал эми жалпы ооругандардын 5%ы ооруканага жаткырылууга муктаж.