
Лукашенко менен Ким Чен Ындын расмий жолугушуусу Ким Ир Сен атындагы аянтта өттү. Агенттиктин маалыматына ылайык, салтанатка эки өлкөнүн гимндерин аткаруу, артиллериялык залптар жана делегацияларды саламдашуу, ошондой эле атчан ротанын жана ардактуу күзөттүн катышуусу кирди.
Лукашенко 25-мартта КНДРге расмий сапар менен келди. Беларуссиянын тышкы иштер министри Максим Рыженков жолугушуу учурунда достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюла турганын белгилеп, ошондой эле ондон ашык ар кандай келишимдердин түзүлүшү күтүлүп жатканын айтты.
Мурда Лукашенко жана Ким Чен Ын 2025-жылдын сентябрында Пекинде өткөн парадда жолугушкан, анда Түндүк Кореянын лидери беларусь президентини өз өлкөсүнө каалаган убакта келип кетүүгө чакырган.