
Шектүү активисттер үчүн иш-чара уюштурган
Ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке болгон шайлоого талапкер болгон бир адам шайлоочулардын добушу үчүн сыйлык убада кылган.
Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынан оперативдик кызматкерлер бул талапкер шайлоочулардан өзүнө добуш берсе, акча төлөөгө даяр экендиги тууралуу маалымат алышкан. Ал 30-ноябрда өтө турган шайлоодо добуш берүү үчүн адамдарды Бишкектеги Баялинов көчөсүндөгү чайханага чакырган.
Бул жагдайлар менен байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Текшерүү учурунда 24-октябрда саат 18:00дө кафеде 15тен ашык жаран, алардын арасында коомчулукта кадыр-баркка ээ активисттер чогулгандыгы аныкталды. Шара той деп аталган, 21:30га чейин улантылган. Шектүүнүн уюштурган дасторконунун чыгымы 19 300 сомду түзгөн.
Иш-чаранын бардык катышуучулары Бишкек ШИИБинин Тергөөнү жүргүзүү кызматына жеткирилди. 1980-жылы туулган К.С. деп идентификацияланган шектүү кармалып, 7-ноябрда чыкпоо тууралуу кол коюу менен бошотулду.
Сүрөт www