


Тергөөнүн версиясы боюнча, Ш. К. С. айрым чиновниктер менен келишим түзүп, 55,36 гектарды түзгөн жер участогунун максатын өзгөртүү менен жеке менчик укугуна акт берген.
20-ноябрда Ош шаарындагы сот Ш. К. С.ны Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө изоляторунда кармоо жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.