Лейлек районунда, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Чеш-Добо жергесинде чек арачылар чек арадан болжол менен бир километр аралыкта мыйзамсыз мал өткөрүү менен алектенген беш адамдан турган топту аныкташты.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн оперативдик иш-чаралардын натыйжасында контрабандага даярдалган 67 баш ири мүйүздүү мал кармалган.
Кармалган мал чек ара бөлүмүнө бардык зарыл процессуалдык документтерди түзүү үчүн жеткирилди.Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык болуп саналат.