

Инспекциянын жүрүшүндө упаковкада өндүрүш датасы көрсөтүлбөгөнү аныкталды, бул Кыргызстандагы ветеринардык жана санитардык талаптарды бузат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, продукт өлкөнүн аймагына киргизилген жок.
Жүк кайрадан Россияга ошол эле «Ак-Тилек» пункту аркылуу кайтарылды.
Ведомстводо импорттолгон товарлардын сапатына көзөмөл күчөтүлөрүн, ошондой эле жарандардын тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылаарын белгилешти.