
Алдын ала маалыматка ылайык, окуя Коль-Бел участкасында, Коргонду-Булак айылына жакын жерде орун алган. Адамдар муздап башташкандыктан, жардам сурап, 112 номерине телефон чалышкан.
МЧСтин сүрөтү
Издөө-куткаруу операциясын жүргүзүү үчүн Тон райондук МЧС № 38 бөлүмүнөн төрт кызматкерден турган топ жөнөтүлгөн. Куткаруучулар эркек жана аялды таап, аларды Боконбаево айылына жеткиришкен.
МЧСтин маалыматына ылайык, алардын дене абалы канааттандырарлык, медициналык жардамга муктаж болушкан эмес.