

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Аламедин-1» кичи районунда каналга үч адам кулашы мүмкүн. Учурда алардын жеке жактары такталып жатат.
Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 9:05те окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу отрядынан беш кызматкер жөнөтүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө операциялары уланууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет.