
Манас шаарында 6 миң 12 куту сигарет алынып, алардын баасы 721 миң 440 сомду түзөт. Бул маалыматты Мамлекеттик салык кызматы жарыялады.
Сигареттер борбордук базарда жүргүзүлгөн рейд учурунда табылган, аларда акциздик маркалар жана коштоп жүрүү үчүн зарыл документтер болгон эмес.
Учурда салык кызматы ишти укук коргоо органдарына өткөрүү үчүн материалдарды даярдап жатат.




