
Түп районунун Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоого байланыштуу КРнын Кылмыш кодексинин 310-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул иштин алкагында аймактагы бир нече тургундардан тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу Ысык-Көл ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.
Тинтүүлөрдүн натыйжасында мыйзамсыз сакталган буюмдар, ошондой эле ок-дарылар жана каннабис настойкасы табылып, алынды.
Михайловка айылында жашаган 1982-жылы туулган И.А. аттуу жергиликтүү тургундун колунда мыйзамсыз балык уулоого арналган аспаптар табылган.

Кичи-Орукту айылында, 1948-жылы туулган А.И. аттуу жарандан ок атуучу куралдардын арсеналы табылган:




Түп айылында жашаган 1990-жылы туулган С.Ж. аттуу жарандан тинтүү учурунда ок-дарылар алынды:
Ошондой эле ошол эле айылдагы 1962-жылы туулган Д.А. аттуу жарандын үй-бүлөсүнөн укук коргоо органдары курал, балык уулоочу торлор жана наркотикалык компоненттерди камтыган заттарды алынды:

Бардык алынган буюмдар соттук экспертизага жиберилет, тергөө уланууда.