
Гидрометеорология кызматынан алынган маалыматка ылайык, 8:40тан баштап Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө кийинки үч сааттын ичинде күчтүү туман күтүлүүдө. Бул аймакта көрүнүш 500 метрге чейин төмөндөшү мүмкүн.
Табигый кырсыктар министрлиги айдоочуларга жана жөө адамдарга өзгөчө этият болууну, ылдамдыкты азайтууну жана жол кырдаалын кылдат көзөмөлдөөнү сунуштайт.