
Берилген маалыматка ылайык, алдамчылар бул турак жайдын менчик укугун өз аттарына өткөрүп, андан кийин батирди үчүнчү жактарга сатып, материалдык пайда алышкан.

Бул аракеттердин натыйжасында жабырлануучуга 80 миң доллар өлчөмүндө зыян келтирилген.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн жеке башын аныкташкан — 28 жаштагы И. А. жана 29 жаштагы М. Э. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, алар кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.